СҮННӨТ ЖОЛУ
СтатистикаКаналдын автору: Нурбек Аширмухаммад уулу 🎓Медина шаарындагы Ислам университетинин хадис факультетинде бакалавр баскычын бүтүргөн 🎓Хадис факультетинин Фикх ас-Сунна бөлүмүндө магистратура баскычын бүтүргөн
- Последний пост
- 9 июн.
- Последнее чтение
- 16 авг.
- Постов за неделю
- 0
- Всего постов
- 20
- Тип
- открытый
- Язык
- русский
- Категория
- Религия
- В каталоге с
- 13 авг.
- 1/24сутки в ленте
- —
- 1/48двое суток
- —
- 1/72трое суток
- —
Оценка по просмотрам недавних постов: пост набирает почти всё за первые сутки.
Посты
https://www.instagram.com/reel/DZSgEe-ojdv/?igsh=aHE3NnRhZXBpNzV4
إِنَّ اللهَ يَقُولُ لِأَهْوَنِ أَهْلِ النَّارِ عَذَابًا: لَوْ أَنَّ لَكَ مَا فِي الْأَرْضِ مِنْ شَيْءٍ كُنْتَ تَفْتَدِي بِهِ؟ قَالَ: نَعَمْ. قَالَ: فَقَدْ سَأَلْتُكَ مَا هُوَ أَهْوَنُ مِنْ هَذَا وَأَنْتَ فِي صُلْبِ آدَمَ أَنْ لَا تُشْرِكَ بِي فَأَبَيْتَ إِلَّا الشِّرْكَ (صحيح البخاري، 3334) Аллахтын Элчиси (соллаллоху алайхи ва саллам) айтты: «Акыйкатта, Аллах Таала тозок элинин ичинен эң жеңил азапка тартылып жаткан кишиге: “Эгерде жер бетиндеги бүт нерсе сеники болгондо, (бул азаптан кутулуш үчүн) алардын баарын кун (куткаруучу каражат) катары берет белең?” — деп сурайт. Ал: “Ооба (берет элем)” — деп жооп берет. Ошондо Аллах айтат: “Сен Адамдын белинде болгон кезиңде, Мен сенден мындан алда канча жеңилирээк нерсени сураган элем: Мага эч нерсени шерик кошпооңду талап кылгам. Ал эми сен болсо шерик кошуудан (ширктен) башканы каалабай, баш тарттың”». 📚(Сахих аль-Бухари, 3334) 🖊Түшүндүрмө: Бул дүйнөдө адамдын башына кандай гана кыйынчылык же оору келбесин, анын баары убактылуу жана чыдаса боло турган деңгээлде болот. Ал эми акыреттеги тозок азабы ушунчалык оор, атүгүл анын эң жеңил үлүшүн алып жаткан адам дагы ошол замат бүткүл дүйнөнүн байлыгына ээ болсо, ошол азаптан кутулуу үчүн баарын ойлонбостон берүүгө даяр болот. Бул жерден биз дүйнө байлыгынын акыретте эч кандай баасы жана пайдасы жок экенин, ал жактагы эң кичинекей жаза да бул дүйнөнүн эң чоң кыйынчылыгынан канчалык коркунучтуу экенин түшүнөбүз. Хадистеги “Сен Адамдын белинде кезиңде...” деген сөз — бүткүл адамзат жарала электе, рухтар ааламында болгон улуу убадалашууну билдирет. Куранда эскерилгендей, Аллах Таала Адам атаны жараткандан кийин, анын белинен кыяматка чейин келе турган бардык урпактарынын рухтарын чыгарып, Өзүнүн Рабби экенин билдирген жана алардан убада алган. Аллах Таала ошол убаданы эске салып, адам баласына эң башынан эле туура жол көрсөтүлгөнүн айтып жатат. Аллах Таала Өзүнүн пендесинен өтө оор, аткарылгыс нерсени талап кылган эмес. Ал Зат адамдан дүйнөнүн байлыктарын же оор курмандыктарды сурабастан, болгону эң жеңил нерсени — Өзүнө гана ишенип, Анын Өзүнө гана сыйынууну жана Ага эч нерсени шерик (тең) кылбоону сураган. Бирок адам баласы бул дүйнөгө келгенде напсисине, шайтанга алданып, Анын акысын унутуп, ошол эң жеңил гана шартты аткаруудан өжөрлөнүп баш тарткан. Демек бул хадис — адамды ширктен ардайым сак болууга чакырган эскертүү. Бизде азыр мүмкүнчүлүк бар, бул дүйнөдө жашап жатабыз. Бул жакта азаптан кутулуу үчүн бүт дүйнөнүн байлыгын берүүнүн кереги жок. Кутулуунун жолу өтө жеңил жана бекер: ал — жүрөктү тазалап, ишенимди түзөө, Аллахка гана сыйынуу жана ширктен алыс болуу. ✏️Нурбек Аширмухаммад уулу https://t.me/sunnotjolu/1472
🔰Багымдат намазы عن ابن مسعود رضي الله عنه أنه: «ذُكِرَ عِنْدَ النَّبِيِّ ﷺ رَجُلٌ، فَقِيلَ: مَا زَالَ نَائِمًا حَتَّى أَصْبَحَ، مَا قَامَ إِلَى الصَّلَاةِ، فَقَال: بَالَ الشَّيْطَانُ فِي أُذُنِهِ» (صحيح البخاري1144 Ибн Масъуддан (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылынат, ал айтты: «Пайгамбарыбыздын ﷺ алдында бир киши тууралуу сөз козголуп: "Ал таң атканча уктап, намазга турган жок",— деп айтылды. Ошондо Пайгамбарыбыз ﷺ: "Анда анын кулагына шайтан заара кылып коюптур",— деп айтты». 📚Сахих ал-Бухари, № 1144 🖊Аалымдар айткандай, шайтандын жеп-ичери жана үйлөнөрү далилденген. Демек, анын заара кылуусу да акыйкат. Бул жерде кулактын өзгөчөлөнүп айтылганынын себеби — кулак (ойгонуу үчүн) эң биринчи кабыл алуучу орган болуп саналат. Ал эми эки жийиркеничтүү нерсенин ичинен дал зааранын тандалып айтылганы — анын (кулактын) көңдөйлөрүнө кирүүсү эң жеңил, тамырларга сиңүүсү эң тез болгондугунда. Бул (шайтандын заарасы) адамдын бүткүл дене-мүчөсүнө жалкоолукту пайда кылат. ✏️ Нурбек Аширмухаммад уулу https://t.me/sunnotjolu/1471
🔹Көркөм кулк-мүнөз Кимдин сөзү жагымдуу (жакшы) болсо, анын кадыр-баркы жогору болот. Момун инсан — жумшак, кичи пейил келип, сөздүн эң жакшысын, эң сылык сөздөрдү тандап сүйлөйт; ал эч кимдин көөнүн оорутпайт, эч кимди шылдың кылбайт жана эч кимди тили менен да, ишараты менен да ушактап-жамандабайт. Өзүнүн ушундай мүнөздөрү менен ал мол соопко жана улуу урматка жетишет. Пайгамбарыбыз ﷺ айткан: «Чындыгында, момун инсан өзүнүн көркөм мүнөзү менен (күндүзү) орозо кармап, (түнү) намаз окуган адамдын даражасына жетет». 📚Сунан Абу Давуд (Хадис № 4798) ✏️ Нурбек Аширмухаммад уулу https://t.me/sunnotjolu/1470
Урматтуу мусулман бир туугандар! Курман айт майрамыңыздар маарек болсун! تقبل الله منا ومنكم «Такаббалаллаху минна ва минкум» Аллах Таала бизден жана сиздерден кабыл кылсын!
https://www.instagram.com/reel/DYtxuo5AwbW/?igsh=cWVkZDgzNnZ5NXdt
https://youtu.be/XTDHE9OTDIQ?si=JHe0jMqGAb69rNmE
https://youtu.be/D2MIQvZskzM?si=T_8yB3SMm7DBwJ5n
إِنَّ اللهَ يَقُولُ لِأَهْوَنِ أَهْلِ النَّارِ عَذَابًا: لَوْ أَنَّ لَكَ مَا فِي الْأَرْضِ مِنْ شَيْءٍ كُنْتَ تَفْتَدِي بِهِ؟ قَالَ: نَعَمْ. قَالَ: فَقَدْ سَأَلْتُكَ مَا هُوَ أَهْوَنُ مِنْ هَذَا وَأَنْتَ فِي صُلْبِ آدَمَ أَنْ لَا تُشْرِكَ بِي فَأَبَيْتَ إِلَّا الشِّرْكَ (صحيح البخاري، 3334) Аллахтын Элчиси (соллаллоху алайхи ва саллам) айтты: «Акыйкатта, Аллах Таала тозок элинин ичинен эң жеңил азапка тартылып жаткан кишиге: “Эгерде жер бетиндеги бүт нерсе сеники болгондо, (бул азаптан кутулуш үчүн) алардын баарын кун (куткаруучу каражат) катары берет белең?” — деп сурайт. Ал: “Ооба (берет элем)” — деп жооп берет. Ошондо Аллах айтат: “Сен Адамдын белинде болгон кезиңде, Мен сенден мындан алда канча жеңилирээк нерсени сураган элем: Мага эч нерсени шерик кошпооңду талап кылгам. Ал эми сен болсо шерик кошуудан (ширктен) башканы каалабай, баш тарттың”». 📚(Сахих аль-Бухари, 3334) 🖊Түшүндүрмө: Бул дүйнөдө адамдын башына кандай гана кыйынчылык же оору келбесин, анын баары убактылуу жана чыдаса боло турган деңгээлде болот. Ал эми акыреттеги тозок азабы ушунчалык оор, атүгүл анын эң жеңил үлүшүн алып жаткан адам дагы ошол замат бүткүл дүйнөнүн байлыгына ээ болсо, ошол азаптан кутулуу үчүн баарын ойлонбостон берүүгө даяр болот. Бул жерден биз дүйнө байлыгынын акыретте эч кандай баасы жана пайдасы жок экенин, ал жактагы эң кичинекей жаза да бул дүйнөнүн эң чоң кыйынчылыгынан канчалык коркунучтуу экенин түшүнөбүз. Хадистеги “Сен Адамдын белинде кезиңде...” деген сөз — бүткүл адамзат жарала электе, рухтар ааламында болгон улуу убадалашууну билдирет. Куранда эскерилгендей, Аллах Таала Адам атаны жараткандан кийин, анын белинен кыяматка чейин келе турган бардык урпактарынын рухтарын чыгарып, Өзүнүн Рабби экенин билдирген жана алардан убада алган. Аллах Таала ошол убаданы эске салып, адам баласына эң башынан эле туура жол көрсөтүлгөнүн айтып жатат. Аллах Таала Өзүнүн пендесинен өтө оор, аткарылгыс нерсени талап кылган эмес. Ал Зат адамдан дүйнөнүн байлыктарын же оор курмандыктарды сурабастан, болгону эң жеңил нерсени — Өзүнө гана ишенип, Анын Өзүнө гана сыйынууну жана Ага эч нерсени шерик (тең) кылбоону сураган. Бирок адам баласы бул дүйнөгө келгенде напсисине, шайтанга алданып, Анын акысын унутуп, ошол эң жеңил гана шартты аткаруудан өжөрлөнүп баш тарткан. Демек бул хадис — адамды ширктен ардайым сак болууга чакырган эскертүү. Бизде азыр мүмкүнчүлүк бар, бул дүйнөдө жашап жатабыз. Бул жакта азаптан кутулуу үчүн бүт дүйнөнүн байлыгын берүүнүн кереги жок. Кутулуунун жолу өтө жеңил жана бекер: ал — жүрөктү тазалап, ишенимди түзөө, Аллахка гана сыйынуу жана ширктен алыс болуу. ✏️Нурбек Аширмухаммад уулу https://t.me/sunnotjolu/1465
الله أكبر الله أكبر الله أكبر لا إله إلا الله، والله أكبر الله أكبر ولله الحمد Аллаху акбар, Аллаху акбар, Аллаху акбар, лаа илааха иллаллах, уаллаху акбар, Аллаху акбар, уа лилляхиль хамд. Мааниси: «Аллах эң Улуу, Аллах эң Улуу, Аллах эң Улуу. Аллахтан башка сыйынууга татыктуу зат жок. Аллах эң Улуу, Аллах эң Улуу. Бардык мактоолор Аллахка таандык». https://youtu.be/-CcE6gUWw-M?si=QF0c8bJsNxNpCIpg https://www.instagram.com/reel/DYhjc06oOzZ/?igsh=MXgycjlmMnUwOW5tOA==
Сухайл ибн Абу Салихтен, ал атасынан (атасы — Закван), ал эми ал Каъб ал-Ахбардан (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылат, ал айтты: «Аллах Таала убакыттарды (биринен бирин абзел кылып) тандады. Ал эми Аллахка убакыттардын эң сүйүктүүсү — ыйык айлар. Ыйык айлардын ичинен Аллахка эң сүйүктүүсү — Зул-хижжа айы. Ал эми Зул-хижжа айынын ичинен Аллахка эң сүйүктүүсү — (анын) алгачкы он күнү». 📚Ибн Ражаб, "Латаиф ал-Ма’ариф", 267-бет. ✏️ Нурбек А.У. https://t.me/sunnotjolu/1463
https://youtu.be/NDZ6PolWgM8?si=OkH2acSDQM53o-XW
Урматтуу мусулман бир туугандар, Зул-Хижжа айы жаңырып, бүгүн биринчи күнү. Ошондуктан бул айдын биринчи он күнүнөн ар түрдүү амалдарды жасап пайдаланып калалы.
https://youtu.be/6gl6yGeEhrw?si=ZREen1thI-TrZKw0
Умра жана Ажылык Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) Аллахтын элчисинин (саллаллаху алейхи ва саллам) мындай дегенин кабарлайт: «Умра кийинки умрага чейинки аралыктагы (күнөөлөрдүн кечирилишине) себеп болот. Ал эми мабрур ажылыктын сыйлыгы — Бейиш гана». 📚Сахих ал-Бухари) «Умра кийинки умрага чейинки аралыктагы (күнөөлөрдүн кечирилишине) себеп болот»: Бул — эгер адам бир умрадан кийин экинчи ирет умра кылса, бул эки умранын ортосунда кылынган кичине күнөөлөрдүн кечирилишине жана Кыямат күнү алар үчүн суракка алынбоого себеп болот дегенди билдирет. «Ал эми кабыл болгон ажылыктын сыйлыгы — Бейиш гана»: Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) кабыл болгон (мабрур) ажылыктын сыйлыгы Бейиш гана экенин кабарлаган. Мабрур ажылык — бул күнөө аралашпаган, чын ыклас менен кылынган, арам мал-мүлк кошулбаган ажылык. Мындай ажылыктын Аллах Тааланын алдындагы сыйлыгы — Бейиш. 🖊 Нурбек Аширмухаммад уулу https://t.me/sunnotjolu/1459
Мусулман адам үчүн ал жок кезде дуба кылуу Абу Дарда (радияллаху анху) риваят кылган хадисте Пайгамбарыбыз (саллаллооху алайхи ва саллам) мындай деген: «Мусулмандын өз бир тууганы (башка мусулман) үчүн ал жок кезде кылган дубасы кабыл болот. Анын баш жагында бир периште дайындалган. Ал качан гана бир тууганына жакшылык тилеп дуба кылса, дайындалган периште: "Аамин, сага да ошол эле нерсе болсун!" – деп айтып турат». 📚(Муслим, 87). 🖊Шарх (Түшүндүрмө): Имам ан-Нававий (рахимахуллах) мындай деген: «Бул хадисте мусулман бир тууганы үчүн ал жок кезде дуба кылуунун пазилети айтылган. Эгерде ал бир топ мусулмандар үчүн дуба кылса да, бул пазилетке жетет. Ал тургай, жалпы мусулмандар үчүн дуба кылса да, анын сообуна жана пазилетине ээ болору анык. Салаф-салихтердин (мурунку өткөн улуу муундардын) кээ бирлери, эгер өздөрү үчүн бир нерсе сурагысы келсе, ошол нерсени мусулман бир тууганы үчүн тилеп дуба кылышчу. Анткени мындай дуба кабыл болот жана дуба кылган адамдын өзүнө да ошол эле жакшылык берилет». 📚(Имам Нававийдин Муслимдин хадистер жыйнагына жазган түшүндүрмөсү). ✏️ Нурбек Аширмухаммад уулу https://t.me/sunnotjolu/1458
Жамаат намазынын маанилүүлүгү тууралуу насаат Абдуллах ибн Масъуд (Аллах андан ыраазы болсун) мындай деп айткан: «Кимде-ким эртең Кыямат күнү Аллахкачыныгы мусулман абалда жолугууну кааласа, анда беш убак намазды азан айтылган жерлерде (мечиттерде) окууга бекем болсун. Анткени Аллах Таала силердин Пайгамбарыңарга ﷺ туура жолдун жолдорун көрсөтүп берген. Ал эми мечиттеги жамаат менен окулган намаздар — ошол туура жолдордун бири. Эгер силер (намазга келбеген) тигил адамга окшоп, намазыңарды үйлөрүңөрдө окуй турган болсоңор, анда Пайгамбарыңардын ﷺ сүннөтүн таштаган болосуңар. Ал эми Пайгамбарыңардын сүннөтүнөн ташатсаңар — анда сөзсүз адашасыңар. Кайсы бир адам дааратын толук жана жакшылап алып, анан ушул мечиттердин бирине багыт алса, Аллах анын ар бир таштаган кадамы үчүн бирден сооп жазып, даражасын жогорулатат жана бирден күнөөсүн өчүрөт. Биздин убакта (сахабалардын доорунда) намаздан ачыктан-ачык мунафыктыгы белгилүү болгондор гана калчу. Ал тургай, оорулуу же кары кишини эки киши колтуктан келип болсо да, аны намаз сабына тургузуп коюшчу». 📚(Имам Муслимдин «Сахих» жыйнагынан) ✏️ Нурбек Аширмухаммад уулу https://t.me/sunnotjolu/1457
Имам Ибн ал-Каййим (рахимахуллах) айткан: "Эркектер кыздарына карата аялдарга караганда намыскөйрөөк (кызганычы күчтүү) болушат. Атанын өз кызына болгон кызганычы менен эненин кызганычы эч качан тең келбейт. Көптөгөн энелер кызынын көңүлү каалаган (бирок туура эмес) иштерине көмөктөшүп коюшат. Буга эненин акылынын алсыздыгы, тез алданып калгандыгы жана табиятындагы кызганыч сезиминин (атага караганда) алсыздыгы себеп болот. Ал эми атанын абалы буга таптакыр карама-каршы. Мына ушул жана башка себептерден улам, Шарият кызды турмушка узатуу укугун энесине эмес, атасына берген. Ошондой эле энесине кызынын никесине жана мал-мүлкүнө карата эч кандай башчылык (вилаят) укугун берген эмес". 📚(Булагы: Заад ал-Ма’ад, 5-том, 474-бет) ✏️ Нурбек Аширмухаммад уулу https://t.me/sunnotjolu/1456
https://t.me/sunnotjolu/1455
https://www.instagram.com/reel/DXcVZQpALDD/?igsh=MTNpOHpiM2F2MnJyZA==