Жаркын элестер🌸
СтатистикаЖашоодо өзүңө күзгү бол!!! Сүйүү ырлар.🍃 Автордук сөздөр.🍃
- Последний пост
- 18 окт. 2025 г.
- Последнее чтение
- 13 авг.
- Постов за неделю
- 0
- Всего постов
- 20
- Тип
- открытый
- Язык
- und
- В каталоге с
- 13 авг.
- 1/24сутки в ленте
- —
- 1/48двое суток
- —
- 1/72трое суток
- —
Оценка по просмотрам недавних постов: пост набирает почти всё за первые сутки.
Посты
✨Жоогазындай сенин көркөмүң, Арбап алды кара көздөрүң.
Өкүнбөс өмүрлөр аз экен, Өзүң бар көңүлдөр жаз экен.💕
Сөзгө чоркок элем сени сүйүп акын болдум, Көп нерсени түшүнүп,ойлонуп акылга толдум. Капыстан кирип барган жүрөккө бүлүк салып, Ар бир ырлардын себеби жалгыз сен болдуң Баланы ыйлаак кылган шоколад, Акынды акын кылган махабат.
Экөөбүз жапжакын эле жердебиз. Бирок, жан дүйнөбүз менен эки бөлөк ааламда жашайбыз... Сен мага, мен сага көп сөздөрдү айткыбыз келет, айта албай, көздөр менен гана жалдырап, тиктешип турабыз 😊🫀
Сени көрүү мен үчүн чоң бакыт эле, Көздөрүңө карап тургум келет неге? Бактымды сага гана байлагансып, Уча берет ойлорум бир сага эле. Сени көрүү мен үчүн чоң бакыт эле, Көздөй берем сен жака барууну неге? Элесиңди оюмдан тартып алып, Ойлой берем күнү түнү сени эле. Сени көрүү мен үчүн чоң бакыт эле, Келечекти өзүң менен түзөм неге? Баалай билип,барктасан сен да мени, Өзүң менен жашоону сүрөм беле. Сени көрүү мен үчүн чоң бакыт эле, Уялгансып турам дайым көрсөм эле. Суйуунун торуна түшуп калгансып, Ойлорумдан чыга албаймын ыраак неге? Сени көрүү мен үчүн чоң бакыт эле, Сүйүүм сага деңиздей тынч терең эле. Сезимдерим ичимден сыртка чыкпай, Сүзүп кетти көк деңизде миң кеме. Сени көрүү мен үчүн чоң бакыт эле, Акындардын сүйүү ырын угам кээде. Сени ага салыштырып туруп мен да , Ыр саптарды сага арнап жазам дале. 🫀🍃
без подписи
❤️ Адам жер бетинде бай болуш үчүн эмес, бактылуу болуш үчүн өмүр сүрөт.
Бактыма сен жазылып калсаң эгер, Бакыттын дүйнөсүндө жашар элем.✨🌸
"Тазамын" деген сөзүнө ишенбей кетирген аялыман кечирим сурагым келет “Эркек башың менен сырыңды элге жарыялайсыңбы”, “ырас болот”, “сендей да эркек болобу” деген сыяктуу комментарийлер келип түшөөрүнө көзүм жетип эле турат. Бирок жаш туруп башымдан өткөргөн бул окуямды силер менен бөлүшкүм келди. Атымды өзгөртүп, каталарымды оңдоп, окуянын жүрүшүн көзөмөлдөп койсоңор болот. Үйдүн кичүү эрке баласымын. Ата-энем эч нерседен кем кылбай, айтканымды аткарып чоңойтту. Каалаганымды кием, каалаганымды жейм дегендей. 11-класста окуп жатканда классыбызга Аида которулуп келди. Чачы узун, ак жуумал, назик, созолонгон кыз. Колуң катуураак тийип кетсе уйпаланып кетчүдөй сезилет. Сабакка кечикпей келет, тапшырманын баарын аткарат. Бат эле эжейлердин сүймөнчүгүнө айланды. Эң кызыгы эч кимибиз менен жакын мамиле куруп сүйлөшпөйт. Сабакка келгенде “баарыңа салам”, кетип жатканда “баарыңар жакшы калгыла” деп эле коет. 9-класстагы сүйлөшүп жүргөн кызыма жакпай калгандыгын айтып мамилени токтоттум. Анткени баары ашык болуп жаткан Аиданы өзүмдүк кылгым келди. Ал сөз айткан балдарга макул болгон жок. Өзүмдү кыйын сезип, авторитететиме ишенип, кыз-жигит болуп алуу сунушун киргиздим. “Мен бул жака жигит издеп келген эмесмин, мага жигиттин кереги жок, болгондо да сендей” деген жооп алдым. Аябай ызырындым, балдардын арасында шагым сынып, уят болдум. Ошондон кийин Аидадан өч алгым келип туруп алды. Алдыман чыкса жөөлөп, жол бошотпойм, ар кандай каймана аттарды коюп шылдыңдайм. Аныма дагы кайыл болдубу билбейм, чыдап эле жүрө берди. Менде болсо ага болгон сүйүү сезими ойгонду. Бир күнү класска кирсем Аида ыйлап олтуруптур: - Сен да ыйлайсыңбы? Сага не болду? - … - Эми айтсаң? Бирөө бир нерсе дедиби? - 👩🏻 Балдар да ушак айтып, жалаа жабабы эмне? - Ким эмне деди айтчы бол. Чыдамым кетип баратат. Көрсө Аидага жетпей калган “В” класстагы бир бала “мен Аида менен жаткам” деген ушак таратып жибериптир. Ал бала менен эркекче сүйлөшүп, кечирим сураттым. Ошондон кийин жакшы тил табышып, жакындан сүйлөшүп калдык. Окуу жылы аяктаганда Аиданы ала качып алдым. Алтыным аябай ыйлады, мага таарынды, сүйлөбөй койду. Ата-энеси дагы алып кетебиз деген жок. Мага жакындабай жүрүп бир жарым ай дегенде бир төшөккө жаттык. Андан кан чыккан жок. Мектептеги ушак эсиме түштү. Азыркы акылым ошондо болгондо Аиданы кор кылбай, бапестеп багып алмакмын. “Сен таза эмессиң”, “сен мени алдадың”, “сен башкалар менен жатып жүргөнсүң”, “шаарда жөн жүргөн жоксуңда” деген сөздөрдү күндө айта бердим. Ал “мен тазамын” дегенден башка сөз айтпайт. Айылда калган досторума кошулуп алып ичем. Аидага тынчтык бербейм, кулак мээсин жейм, кол көтөрөм. Чыдады... Ортодон жарым жыл өткөндө кетип калды. Издеп барган жокмун. Досторум “оой, андан башка кыз калбай калыптырбы, башкасын алып ал” деп көкүтүштү. Ата-энемдин, улуу эжелеримдин “келинчегиңден кечирим сурап алып кел” деген сөзүн укпай шаарга кетип калдым. Убакыт өттү. Окуу жайды аяктадым, жакшы жумушка орноштум. Бир баланын атасы болдум. Жубайым менен бала үчүн эле жашап жүргөндөймүн. Ал мени сүйүп, жалооруп турса да, оюман Аида кетпейт. Кайда барбайын анын элесин издейм. Кетирген катам үчүн өкүнөм. Ошондо жыныстык катнашка туура барса кан чыкпай тургандыгын билгенде, жашоодо эң башкы максат ал эмес экенин сезгенде, Аиданын сөзүнө ишенгенде бул кусалык, өкүнүү, өзүн-өзү жеп жашоо болбойт эле. Аиданы таап кечирим сурагым келет. (Кыргызстанда болгон окуя)
Түгөй деп маңдайыма жазбаганды, Жаратканым, сүйүү деп жолуктурба.
Ар түрдүү адам, ар түрлүү көз караш, ар түрдүү ой пикир.Демек элдердин көңүлүнөн чыгам деп ойлобо жана аракеттенбе😄
Кол салышып кыз зордойт, Кош эркектер түк кордойт, Кыйын ушул заманда, Кыз-кишини ким коргойт!? Мыйрык иши ачылсын, Мыйзам иштеп артылсын! Мылжың жүрбөй эркинде, Мыкаачылар атылсын! ✒️(Жолоочу акын)
Чынында жан кейитерлик көрүнүш… Ошондо да көп адамдан арданганын уккам «Кыргызстан сага Афганистан беле?» деп. Эмнеге жарандарыбыз зомбулукка кабылып, күндөн күнгө фемициддин курмандыгы болгон айымдарыбыз көбөйгөндө арданбайбыз? Анда эле чыгаандарыбыз «кыздын тарбиясынан, аял тилинен табат» деп чыга калат Жаттап, эсибизге түйөбүз!!: Жабырлануучу эч качан, эч бир абалда күнөөлү эмес!
Кыргызда кыздын аты улук, Кыз сыйлабас макулук!
Кыз- адам, адамдай сыйлагыла. Кыз-адам, кыялын кыйбагыла. Кыз-адам, өз оюу, өз эрки бар. Кыздарды кырк үйдөн тыйбагыла!
Азыр менин жашоомдогу эң оор учур болуп жатат. Өзүмдү күзгүдөн карап, чарчаган кызды көрдүм. Бир жылуу сөз менен, унчукпай кучагына алып тирек боло турган адамым жок экенин түшүндүм. Ичимде болуп жаткан сезимдерди жеткире албай тургандай чарчадым. Мен жөн гана тынч жашоону каалайм. Мага ашыкча адамдар, ашыкча эмоциялар керек эмес. Ар бир жолу адамдарга ишенгенде — жүрөгүм катуулап, жан дүйнөм сууй түшөт. Ишенүүдөн, күтүүдөн, үмүттөнүүдөн чарчадым... Эми жөн гана жашагым келет. Ызы-чуусуз. Оору-сыркоосуз. Жалгансыз. Бул мезгилден кийин мага эч бир адам маанилүү эмес.💔
Арты-артыңдан сыноо келип турганы, Жараткандын сага көңүл бурганы✨
Убакыт өзүнүкүн ала берсин Ар бир күн жылдыздардай жана берсин Жашоону жаркырата биз жашайлы Өткөн күн тарых болуп кала берсин.
Пайгамбарыбыз Мухаммед. С.А.В ды ыйлаткан бул дүйнө, Сизди жыргатмак беле!!! Жүзү жылмайып, жүрөгү-кыйналып жүргөн пендебиз.
Жараткандын алдында күнөөгө батып , инсандардын алдында жакшы көрүнүүгө аракет кылба.... 💔